2024-04-30

Студенттерге мотивациялык семинар


2024-жылдын 25-апрель күнү Кесиптик колледжибиздин мүдүрү Махмут Вурал тарабынан студенттерге арналган мотивациялык семинар өткөрүлдү. Иш-чарага жеке ишкер Маткасымов Ассоциациясы негиздөөчүсү, мекенибиздин өңдүрүшүн алдыга сүйрөгөн инсан,  ишкер Убай Маткасымов  катышты.

Алар жаштарды туура багытка тарбиялоо,  аң-сезимин өнүктүрүү менен бирге кесиптик жана турмуштук тажрыйбаларын бөлүшүштү. Ошондой эле семинардын жүрүшүндө ишкер Убай Маткасымов студенттерибизге мотивация берип, убакытты туура бөлүштүрүп, өзүн-өзу өнүктүрүугө көбүрөөк маани берүү менен коюлган максаттарга жетип, ийгиликтерди жаратууга боло тургандыгын түшүндүрүп берди.